Menu

“Zanoza” чындап эле бийлик үчүн тамагына такалган кылканга айландыбы?

Бөлүшүү:

Басма сөзбү, интернет-сайт болобу, булар чынында маалымат таркатуучу гана болуп эсептелип келатат эчак замандан бери цивилдүү өлкөлөрдө. Ошондуктан да канча дөө-шаа мамлекеттерде президентти өтө орой сынга алышса да, жада калса башын чөөнүн денесине жармаштырып коллаж жасап чыгарса да, журналист журтчулугуна каршы кысым болбойт. Бул жазылбаган мыйзамдай кабыл алынат. Бирок, бизде баары боло берет эмеспи…

“Президенттин ар-намысын коргоо” шылтоосу менен журналисттерди кодулоо дүйнөдө жалгыз эле биздин Башкы прокуратурага мүнөздүү көрүнүш болсо керек. Буга чейин “Zanoza.kg”, “Азаттык”, “Ата Мекендин” юристтерине миллиондогон доолар коюлуп, сот бүткүчө аларга тийешелүү эсептер жабылган, үй-мүлктөр камакка алынган. Бул да аздык кылганбы, жакында Башпрокуратура “атың өчкүр” (ушинтип аташса керек) “Zanozaгa” каршы дагы бир доо арыз жазды.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде жооп берчүлөр төрт адам: журналист Нарын Айып, аталган маалымат агенттиктин редактору Дина Маслова, агенттик жана “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова.

Нарын Айыптын айтымында, доо арыз 30-мартта өткөрүлгөн тегерек үстөлдүн негизинде берилген. Аны Акыйкатчы институту сөз эркиндигин колдоо максатында уюштурган. Ошол жерде Чолпон Жакупова президент тууралуу пикирин айткан. Ал аталган сайтка чыккандыктан, Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргоого киришкен.

Доо арыз ар бир жоопкерден 12 миллион сом төлөтүүнү көздөөдө. Ошондой эле, Башкы прокуратура Чолпон Жакупованын мүлкүн камакка алууга ниеттенүүдө. Ал эми журналист Нарын Айып менен Дина Масловадан эч кайда чыкпоо боюнча тил кат алышкан.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: