Сыймык Жапыкеев КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) төрагасы болуп дайындалган.
Ал дайындалгандан кийин жумушка чыгып, спецназда мыкты жигиттер бар экенин белгиледи. Мындай билдирүүсүн ал Фейсбук баракчасына калтырган.
“Достор, бүгүн биринчи күн ишке чыктым, баары жакшы, шүгүр. Текшерүүлөр башталды, пресс-релиз чыгат. Спезназда мыкты жигиттер бар экен”, – деп жазган Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев парламенттик шайлоодо «Чоң казат» партиясы менен ат салышкан. Ал шайлоодон кийинки нааразычылык акцияларына активдүү катышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ