Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында 5-класстын окуучусу 23-апрелде өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет касап, тилекке жараша, аман калган, учурда аны мындай ишке барууга эмне түрткү болгондугу иликтенүүдө. Бул ууралуу Билим берүү жана илим миистрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, өзүнө кол салган кыз аз камсыз болгон үй-бүлөнүн улуу ызы. Андан кийин үй-бүлөдө дагы төрт бала бар. Энеси балдар менен үйдө отурат, өгөй атасы ар кайсы иште иштеп, каражат табат. Алар ижарага алынган үйдө турушат.
Мектеп директорунун айтымында, кыздын классташ курбулары бар жана жакшы окуйт.
“Окуядан соң мектепте ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, мектептин администрациясы кызга психологиялык комфорт түзүүнү сунуштады. Кыздын ата-энеси менен сүйлөшүүлөр болду. Учурда мектеп жетекчилиги кызга психологиялык консультация алууга каражат издешүүдө”, – деп кабарлады министрлик.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ