Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-май күнү саат 10:47 де катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын Карамык айылында 10 турак үйдүн дубалынан жарака пайда болуп, мындан ары жашоого кооптуу, андан сырткары 1 оорукананын имараты пайдаланууга жараксыз, 1 балдар бакчасы (абалы орто пайдаланса болот), 1 мектеп изилденген (абалы орто пайдаланса болот). Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, Чулук айылында 1 сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган, жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 1 турак-жайда 2 кыз жалгыз болгондуктан чочуп калышкан ФАПтын медайымдары тарабынан 1 медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалдары жакшы.
Азыр изилдөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ