КРнын Акыйкатчысынын “Кыргыз Реслубликасындагы жоокерлердин укуктарынын корголушу” деп аталган доклады жарыяланды. Анда 23 аскер бөлүгүнүн 532 жоокери анкета аркылуу суроолорго жооп беришип, аскер бөлүктөрүндөгү абал тууралуу маалымат беришкен.
Мониторинг 2015-2016-жылдары июль айынан октябрь айына чейин жүргүзүлгөн. Аскер бөлүктөрүндө курт-кумурскалар жана чычкандар бар экенин 99 жоокер билдирген.
Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө казармада жана ашканада таракандар жана чычкандар бар экенин, Балыкчыдагы жоокерлер түнкүсүн чиркейлер уктатпай чыгарын белгилешкен. Ошондой эле ЖАМКнын экинчи батальонунун аскерлери жертөлөдө келемиштер бар экенин билдиришкен. Таш-Көмүрдөгү ӨКМ бөлүмүнүн жоокерлери болсо ашкананы таракандар жана келемиштер аралап эле жүрөрүн айтышкан. Ошондой эле чычкандар, келемиштер Жалал-Абаддагы жана Оштогу Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндө, Кара-Суудагы, Шамалды-Сайдагы, Оштогу чек ара заставаларында бар экени белгиленген.
Бул маселелер талкууга алынган учурда санитардык-эпидемиологиялык чараларды камсыз кылуу үчүн аскер бөлүктөрү КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборлор менен келишим түзүлгөнү белгилүү болгон.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ