Улуттук банктын аял жүздүү жылмаңдаган төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун «марихуананы мыйзамдаштырсак, туристтер мейманканаларга батпай калат» деп оюн-чындан айткан орунсуз кеби Кыргызстанда эле эмес, чет элде да талкуу жаратып, кыкеңдерди кыртышы сүйбөгөндөр көбөйүптүр. Бүтүндөй дүйнө жүзү кара куурай менен күрөшүп, наркотрафикке шаалары келбей жатса, бу жигиттин жылмаңдай минтип айтканын кандайча түшүнөбүз? Алыс барбайлы, коңшу Кытайда наркотик менен шугулдангандарды түптүз эле атат. Өлүм! А биз болсо бу жаатта тамашалашып отурабыз. Улуттук банкыбыздын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттун жүзү болмок тургай, уяткарып салды. А неге жогорку бийлик өкүлдөрү мындай ээн оозго баа бербейт?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ