Menu

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу М.Жуматаев аспиранттар менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев УИАнын бөлүмдөрүнүн төрагалары жана Президиумдун кызматкерлери  менен биргелешип аспиранттар жана изденүүчүлөр менен жолукту.

Чогулушта аспиранттар туш болуп жаткан маселелер, алардын билим алуусун жана илимий ишин илгерилетүү үчүн болгон аракеттер талкууга алынды. Стипендиянын көлөмүн көбөйтүү, илимди жактоодо аларга көмөктөшүү сыяктуу кошумча жардамдардын керектиги да айтылды.

Ошондой эле суроо-жооп иретиндеги пикир алышууга убакыт берилип, анда болочок илимпоздор өзүлөрү үчүн көйгөйлүү болуп жаткан суроолорго жооп ала алышты. Жаш илимпоздордун изилдөө иштеринде жабуулардын, компьютерлердин жетишпегендиги, алардын изилдөө жана тажрыйба алмашуу үчүн чет мамлекетке баруу мүмкүнчүлүктөрү, илим жактоонун документ маселеси Улуттук илимдер академиясынын алдыда чече турган маселелери катары эске алынды.

М. Жуматаев ар кандай тоскоолдуктарды, талаш-тартыштуу маселелерди чечүү үчүн кайрылып турууга ар дайым эшик ачык экендигин кошумчалады.

“Силер келечекте биздин ордубузду баса турган илимпоздорсуздар. Андыктан, көйгөйлөрдү тартынбастан айтып, билим алууга, өсүүгө гана багыт алгыла” – деди академик.

Ал эми “Илим” маалыматтык-басма борборунун директорунун кызматын аткаруучу Назгүл Жолочуевна Мазекова аспиранттарды “УИА кабарлары”,  “УИА докладдары” жана “Жизнь науки” илимий журналдарына макала берүүнү сунуштап, анын жол-жоболору менен таанышууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: