Бүгүн 16-май күнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Чалдовар мектеп-интернатында кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болду. Бул туурасында Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Мектеп алдындагы кичи футбол аянтчасында өткөн салтанатты мектеп директору Шаршенбек Коңгайтиев ачып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаевге мындан эки-үч ай мурда мектеп-интернаттын тарбиялануучулары үчүн кичи футболдук аянтчасын куруп берүүнү өтүнүп сурангандыгын айтып, бул өтүнүч кыска мөөнөттө ишке ашырылгандыгын кубануу менен салтанат катышуучуларына билдирди. Тактап айтканда Б. Абилдаев жеке өзүнүн каражатынын эсебинен 2,5 млн. сомго кыска мөөнөттүн ичинде футбол аянтчасын курдуруп берген.
Салтанатка катышкан Болот Абилдаевдин бир тууган агасы Бейшен Абилдаев, “Бишкек Газпром” ишканасынын башкы директору Манас Акматеков, Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнү биринчи орун басары Чолпонкул Төрөкулов, Талас шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы, аталган мектеп-интернаттын мурдагы директору Жеңиш Чынаев, ата-энелердин өкүлдөрү жана мектеп окуучулары чыгып өз куттуктоо сөздөрүн айтып, Болот Абилдаевге жүрөктөн чыккан терең ыраазылыктарын билдиришти. Салтанат мектеп окуучуларынын спорттук оюндары жана концерттик программасы менен коштолду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ