Menu

Сооронбай Жээнбеков балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган багытта тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө, бирок жетишсиз көлөмдө. Коомчулук тарабынан балдардын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу нараазычылыктар айтылууда.

Ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, 2017-жылдын төрт айында 1684 жол кырсыкгы катталган, анын ичинде 336 окуя балдардын катышуусунда болгон. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, республика боюнча 2238 мектептин 30 % жол боюнда жайгашкан. Бишкек шаарында бул көрсөткүч 32 % түзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республика боюнча жол боюнда жайгашкан мектептердин картасын түзүүнү, мындан ары жол чырак жана «полиция кызматкери тургандай» тийиштүү жол инфраструктурасы менен камсыз кылууну тапшырды.

«Мектепке жол чети менен барган балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелси, ашыкча шарттарды талап кылбайт. Мындай мектептер өлкө боюнча 400гө жакын. Болгону ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мектеп окуучуларыны жол коопсуздугу боюнча комплектүүү иштерди жүргүзүүсү керек. Мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыз кылууда балдардын жолдон өтүүсүнө колдоо көрсөткөн конкреттүү аракеттердү көрүү үчүн ички иштер органдарынын адамдык ресурстарын уюштуруу зарыл», -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен бирге Премьер-министр баса белгилегендей, милиция кызматкерлери «Менин милициям мени коргойт»деген элдик айтымга ылайык келүүсү керек жана жарандардын милицияга болгон ишенимин бекемдөөдө калкка өз ыктыяры менен кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүү тапшырмасын койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: