Ооганстандын түндүгүндөгү этникалык түркмөндөр жергиликтүү куралдуу топтор жана өкмөттүк күчтөрдүн курамында Кала-и-Зал районун «Талибан» кыймылынын жоочуларынан бошотууга катышты.
Кундуз провинциясында жайгашкан районду талиптер он күн мурда басып алышкан. «Арбаки» деп аталган жергиликтүү топтун командири Мухаммет Небинин билдиришинче, өкмөттүк күчтөрдүн уездге чабуулу 16-майда башталган.
«Кала-и-Залда талиптер көптөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүрүштү. Адамдар кырылууда. Жаштар алардын курмандыгы болуп жатышат. Курал алып жүргөндөрдү кармап алышса, алардын бутун, тилин кесип, кыйнап өлтүрүшүүдө. Үйлөрдү тоноп, көпүрөлөрдү, мектептерди кыйратып жатышат», – деди Мухаммет Неби.
Ал ооган армиясына каршы күрөш жүргүзүп жаткан топтордун курамында чет өлкөлүк жарандардын да бар экенин билдирди. Айтымында, алардын арасында өзбекстандыктар, тажикстандыктар, чечендер жана казактар бар.
Жергиликтүү полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, Тажикстан чек арасына жакын жайгашкан Кундуз провинциясындагы Кала-и-Зал уезди согушкерлерден үч сааттык кагылышуулардан кийин бошотулуп, Кабулдун көзөмөлүнө өттү. Уездди талиптер 6-майда тартып алышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ