Menu

Губернатор Мураталиев менен Мамкаттоо кызматынын башчысы Мамбеталиев президенттин саясатына каршы саботаж жасап жатышат

Бөлүшүү:

Талас шаардык жана Талас райондук ЗАГС жана паспорт бөлүмүнүн башчысы Султан Абдралиев бир жумадан бери “запойго” кирип кетип, ошол бойдон жок. Ишке чыкпайт. Абдралиевдин жоктугунан пайдаланып анын кызматкерлери каалаганын жасап жатышат. Күнүгө “шабашка” жасап, билгенин кылышат. Султан Абдралиев мырза өзү башынан эле ичкиликке жакын неме экен. Бир нече жыл мурда Талас бажысында инспектор болуп иштеп, ичкиликтин айынан эки ирет куулуп, кайра орношуп, кийинчерээк Экотехинспекцияга инспектор болуп которулуп, ал жерден дагы бир жолу арактын айынан куулуп кеткен. Эми мындай араккеч немени же дарылап оңобой, же биротоло кызматка келгис кылып жоготпой, кайра Талас шаары менен райондук паспорт бөлүмүнө начальник кылып дайындап койгондору таң калыштуу.

Президент быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү деп жарыялап жатса, ага Абдралиевге окшогон немелер саботаж жасап, жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатат. Же аны Мамкаттоонун башчысы Акын Мамбеталиев көзөмөлдөбөйт, же Таластын губернатору Марат Мураталиев көзөмөл кылбайт. Өткөндө республикалык Мамкаттоодон текшерүүчүлөр келсе, Абдралиев шыпылдап аларды сыйлап, колдоруна бирден союлган козунун этин карматып, чөнтөктөрүнө 5 миң сомдон салып, акырын иттен чыгарып коюптур. Ал эми губернатор Мураталиев болсо иштебей эле Жерүй кениндеги акчаны аңдып отурабы, айтор бир кой ай деп койбойт. Абдралиевдин коллективде эч бир баркы жок экен. Албетте, күндө арак жыттанып, бөтөлкөнүн артынан тоголонуп жүрсө аны ким сыйламак эле. Эми дагы бир жумадан бери жок.

Президент койгон тапшырма боюнча санариптештирүүнү жүргүзө турган мекемелердин сап башында так ушул мамкаттоо тармагы турат да. Анан калса шайлоо жакын калды. Элди паспорттоштуруп, учетко коюп, чыгарып дегендей иштерди жүргүзүш керек да. Эгерде мындай “алкаш” немени кызматта кармап отура беришсе, анда Мамкаттоо башчысы Мамбеталиев менен губернатор Мураталиев президенттин саясатына саботаж жасап жаткан болот да туурабы?

Бактыбек Нармырзаев, Талас шаарынын тургуну

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: