7-ноябрь басма сөз айдыңындагылардын майрамын утурлай эти чиновник, сөөгү журналист Бабырбек Жээнбековду куттуктоо үчүн байланышканыбызда, каарманыбыздын саламаттыгы тууралуу жагымсыз кабар уктук. Көрсө, өткөн аптанын башында Бабырбек агабыз президенттин иш башкармалыгына караштуу дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борборуна (спецбольницага) жандандыруу бөлүмүнө жатып калганы, арадан үч күн өткөн соң гана палатага которулганы маалым болду. Калыс кебин айткан аксакалыбыздын ашказанына жабышкан дарттын оор түрү экендиги, бул үчүн дарыгерлер Бабырбек Субановичти өнүккөн өлкөлөрдөн гана тез арада операция жасатуу зарылдыгы тургандыгын кыйытышууда. Өкүнүчтүүсү, бул үчүн он миңдеген оңбогондой каражат талап кылынары белгилүү болду. Мындай шартта кыргыздын калыс кебин айткан аксакалына карата колунда бар аттуу-баштуулардан тарта, бизнестин ичегисине кан куйгандар каралашып коюшса, каарманыбызга жармашкан каргыш тийгир дарттан арачалап калганга толук мүмкүнчүлүктөр болот беле? Ден соолукка зарыгып турган замандашыбызга колдоо көрсөткөндөр көпчүлүктөн кантип чыкпасын? Биз агабызга чың ден соолук тилеп, арабызга тезинен кошулушуна тилектешпиз! Кудайдын көзү түз болсун!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ