Menu

Шойгу менен Кириенконун Кыргызстанга сапары Атамбаевдин планын буздубу?

Бөлүшүү:

Өткөн жумаларда Оруссиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана РФ Президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко эмне ой максатта тымызын Бишкеке келип кеткени алигиче эл арасында бүдөмүк ойлорду жаратууда.

Демейде, президенттин же өкмөттүн расмий жолугушууларын кайра-кайра кайталап көргөзгөн КТРК каналы негедир бул жолугушуу тууралуу маалымат да берген жок. Демек, Шойгу менен Кириенконун Кыргызстанга болгон сапары расмий эмес жана пландан сырткаркы болушу мүмкүн.

КР Президенттик аппараттын басма сөз кызматы бул жолугушуу тууралуу “Кыргыз-Орус мамлекеттеринин ортосунда көптөгөн келишимдер бар, ошол долбоорлордун алкагында сүйлөшүүлөр жүрдү”-деген маалымат менен гана чектелди. Албетте, кайсыл бир саясий сүйлөшүүлөр болгон күндө деле, ал баары бир коомчулукка айтылбайт болчу.

Шойгу менен Кириенко албетте президент Путиндин атынан келишкендери анык. Оруссиянын килейген эки аткаминери Путиндин атынан Атамбаевге эмне билдирүү алып келгени белгисиз, бирок бул жолугушуудан кийин Сапар Исаковдун “президент болом” деп жүргөн тилеги таш капты. “Ары жок тооктун түшүнө, акталган таруу кирет”-дегендей, өзүн-өзү интернет айдыңында эми мактап баштаган балашка, “самопиарды” токтотуп, “мен али быша элекмин”- дегендей сөз айтып “шүк” отуруп калды.

А бу дегиче дагы бир кызык маалымат тарады. Элчилерди маңдайына тизип алып, аларга тиешеси жок “Азаттык медиа” мекемесин “сасыткы, ушакчы” деп убагында айткан сөздөрүн Атамбаев эми артка алып, Башкы прокуратурага “Азаттыктан” доо арызды алып салууну сунуштап жатыптыр.

Мындай болсо, ушул эле жалаа менен жабыркап отурган “Zanoza.kg” маалымат сайтына карата берилген доо арыз да алынабы?

Бир эмес, бир нече айыпты коюп, бирөөсүн да далилдеп аягына чыгара албай койгон бийликтин Өмүрбек Текебаевге карата репрессиясы да токтоп, Конституция атасы эркиндике чыгабы?

Албетте муну баарын убакыт көрсөтөт. Бирок Атамбаевдин акыркы кезде Орусия менен мамилеси татаалдашкандан-татаалдашып бара жатат. Өзгөчө кийинки кездерде, Россиянин басма сөз кызматтары Атамбаев тууралуу деле бир жакшы сөз жаза элек. Айрыкча, Улуу Ата Мекендик жеңиштин 72чи мааракесинде АтамбаевдинРоссиянын саясатчыларын катуу сынга алышы – Москва тарапты катуу ирээнжитти десе болот . Мындай дымагыбыз менен жүрүп отурсак, Атамбаевдин “балптары” кыргыз-орус мамилесин да “балталап” бүтүрөт окшойт.

Ал эми Сапар Исаковдун президенттик жарышка болгон деминин отко суу чачкандай болушу – Шойгу менен Кириенконун Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы катары бааласа болот. Бир сөз менен айтканда президенттик шайлоонун алдындагы саясий оюн Атамбаевдин жана анын балашкаларынын сценарийинен башкача өңүткө жол алгандай.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: