Menu

Токио Москванын Куриль аралдарына дивизия жайгаштыруу планына каршы чыгууда

Бөлүшүү:

Жапон өкмөтү Куриль аралдарына дивизия жайгаштыруу чечимин кабыл алган Орусияга карата каршылык билдирди. Бул тууралуу ТАСС Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсихидэ Сугага шилтеме берип билдирди.

Ал Орусиянын Курилдеги төрт аралда аскердик күчтөрүн бекемдөөсү жапон тараптын позициясына төп келбей турганын айтты. Жапония Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Орусияга өтүп кеткен Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаи аралдарынын кайтарып алууга аракет жасоодо.

Күн мурун Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 2017-жылга чейин аймакта төрт жаңы дивизия түзүлөрүн маалымдады. Былтыр ноябрда Орусия Итуруп жана Кунашир аралдарына “Бал” жана “Бастион” аттуу заманбап ракеталык комплекстерди орноткон.

Жер талаштан улам Жапония менен Орусия тынчтык келишимине кол коюшкан эмес. Токио Куриль аралдарындагы маселе чечилмейин бул мүмкүн эместигин белгилеп келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: