Menu

Самаркандда мыйзамсыз алтын чайкоо менен алектенген өспүрүмдүн сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Самарканд облусуна караштуу Кушрабад районундагы ооруканага жакын жерде 20 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, 30-сентябрда өспүрүм райондогу «Зармитан» кенинде мыйзамсыз алтын чайкоо менен алектенип жүргөндө таш басып калып, жаракат алган.

«Жанындагы эки шериги аны таштын алдынан чыгарып, ооруканага жеткирмек болушкан. Бирок ал жолдо каза болуп калып, коркуп кеткен шериктери сөөгүн жол жээгине таштап кетишкен», — деди мекеменин кызматкери.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө райондук прокуратура бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Туугандарынын айтымында, маркумдун атасы да төрт жыл мурда мыйзамсыз алтын чайкап жүргөн маалда таштын алдында калып каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: