Menu

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова клиникалык ординатура маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова клиникалык ординатуранын абалы жана өнүгүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Андрей Сопуев, Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян, Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров жана Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов, ошондой эле ординаторлор катышты.

Жыйындын соңунда үй-бүлөлүк медицина факультетин түзүүнүн, ЖОЖдордогу медицина факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусуна талдоо жүргүзүүнү, клиникалык ординатураларда кошумча 250 орун түзүүнүн максаттуулугун карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине абитуриенттерге бюджеттик орундарга тапшыргандар окууну бүткөндөн кийин аймактарда иштеп келүү  керектигин жеткирүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга клиникалык ординатурада билим алуунун мөөнөтү кайра каралып чыга турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун киргизүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: