“Эмомали Рахмондун мамлекеттүүлүк мектеби” – ушундай аталыштагы жаңы сабакты быйылтан тарта Тажикстандын мамлекеттик кызматкерлери жана болочок дипломаттары окуп башташат. Долбоорду көптөгөн окумуштуулардан куралган топ иштеп чыгып, Илимдер академиясына жөнөтүшкөнүн президенттин алдындагы Башкаруу институтунун ректорунун орун басары Хомидхон Нуриддинов билдирди.
Анын айтымында, Тажикстан мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн 1992-жылдан азыркы учурга чейинки иш тажрыйбасы – бардык мамлекеттик кызматкерлер окушу керек болгон “чоң мектеп”. Хомидхон Нуриддинов Эмомали Рахмон дипломатияда чеберчилигин көрсөткөнүн жана андан болочок диломаттар сабак алса пайдалуу болорун белгилейт.
Өткөн жылы Тажикстандын улуттук университетинин айрым факультеттеринде “Эмомали Рахмон –тажиктердин жаңы мамлекетинин архитектору” деген лекциялар өткөрүлгөн.
Эмомали Рахмон былтыр октябрда жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү катары жарыяланган. Мындан тышкары президенттин сүрөтүн 1000 сомониге түшүрүү сунушу айтылган.
Тажикстанда президентти көкөлөтүү боюнча пиар-кампаниялар жергиликтүү чиновниктер тарабынан байма-бай жүргүзүлүп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ