Учурда Түркмөнстандын абактарында 150-200дөн кем эмес адам кармалууда. Алардын айрымдары 15 жылдан бери камакта жатышса, ондогон киши түрмөдө каза болушкан. Бул тууралуу «Мемориал» укук коргоо уюмунан билдиришти.
Уюмдун 16-майда жарыяланган иликтөөсүндө Түркмөнстандын 1986-жылы туулган жараны Аннамурад Атдаевдин тагдыры тууралуу айтылат. Каирде окуп жүрүп мекенине кайткан Атдаев өткөн жылы «ислам экстремизми» айыбы менен соттолуп, ушул жылдын январында абакта жоголуп кеткен. Орусия жарандыгына ээ анын жубайы Дарья Атдаева түркмөн бийлиги күйөөсүнүн каякта экендиги тууралуу маалыматтарды жашырып жаткандыгын, ал жакындары менен жолугушуу жана кат алышуу укугунан ажыратылганын билдирди.
2008-жылдан бери чет өлкөдө жүргөн Атдаев 2016-жылдын мартында паспортун алмаштыруу үчүн мекенине барган. Дарья Атдаеванын айтымында, ал түркмөн жергесине сакалчан барып, бул өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган.
Укук коргоо уюму билдиргендей, өткөн жылдын 27-сентябрында ал кезектеги «маектешүүгө» чакырылып, ошол бойдон камакка алынган. 13-декабрда Ашхабад соту Атдаевди күрөөлүү деп таап, катаал режимдеги абакка 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал айыптоолорду мойнуна алган эмес.
Ырасталбаган маалыматтарга караганда, Атдаев Ашхабаддын четиндеги жашыруун Овадан-депе абагында кармалууда. «Мемориалдын» маалыматы боюнча апрелдин соңунда анын ишине байланыштуу кайрылуу БУУнун зомбулуктар боюнча жумушчу тобуна жолдонгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ