Кечээ, 17-декабрдан бери президенттикке талапкерлер КТРКда жеке сөз сүйлөөгө убакыт алышты.
Шайлоо программасына жана эл алдына чыгып сүйлөө үчүн алардын ар бирине 10 мүнөттөн эфирдик убакыт берилет.
17-декабрда КТРКнын Ютуб каналында Курсан Асанов, Канат Исаев, Арстанбек Абдылдаев, Бактыбек Калмаматов, Рашид Тагаев, Садыр Жапаров, Адахан Мадумаровдун сүйлөгөн сөздөрү чыккан.
Андан кийин, айрым талапкерлердин видеолорунун астында жактырбоо белгиси (дизлайк) пайда болгондон кийин, аларга комментарий жазуу өчүрүлдү. Муну соцтармактын колдонуучулары байкап калышкан.
https://twitter.com/cryptoasss/status/1339733074595229700?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1339733074595229700%7Ctwgr%5E%7Ctwcon%5Es1_&ref_url=https%3A%2F%2Fkaktus.media%2Fdoc%2F428263_ktrk_otkluchila_na_youtube_kommentarii_k_vystypleniiam_kandidatov_v_prezidenty.html
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ