Menu

Нургүл Сулайманова: “Балдарыбыз 1890-жылы курулган мектепте билим алууда”

Бөлүшүү:

Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу, Сафаровка айылындагы Ш.Базарбаев атындагы орто мектеп өтө оор абалда. Мектептин кооптуу абалына байланыштуу ал имаратта билим берүүгө тыюу салынганына 3-4 жылга аяк басты. Мектеп жамааты, окуучулар кыйналып, 2-3 нөөмөт менен коңшулаш жайгашкан балдар үйүндө билим алышууда. Жарымы бир нече чакырым жол басып, коңшулаш айылдардан билим алышат. Өкмөт тарабынан көңүл сыртында калып келген бул мектептин директору Нургүл Сулайманова менен азыноолак маек курдук.

– Сиздердин мектептин имараты эски кылымга таандык экени чындыкпы?

– Биздин №39 Ш.Базарбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп алты имараттан турат. Анын №3 жана №6 окуу имаратында окуп келгенбиз. Калганы өтө эле кооптуу абалда. Анткени, ал имараттар 1890-жылы курулган. Ал эми №6 окуу имараты 1997-жылы ашар жолу менен 180 орунга ылайыктандырылып курулган.

– Бул корпустун абалы кандай?

– Курулуш эрежелери сакталбай, ашар жолу менен курулгандыктан, корпустун фундаменттери отуруп, негизги дубалдарынан узунунан жана туурасынан кеткен майда, орто жаракалар 3-5 см.ге жетип калды. Аталган имаратта төрт жылдан бери окуу процесси жүргүзүлбөйт. Себеби ӨКМдин мониторинг департаменти 2011-жылдын 22-октябрында «окууга мүмкүн эмес, капиталдык ремонт талап кылынат» деген өкүм чыгарып берген. Алдан бери 2015-жылдын октябрь жана ноябрь айларында болгон жер титирөөдө мурдагы жаракалар чоңоюп, жаңы жаракалар пайда болду.

Дагы бир айта кетчү нерсе, №6 окуу имаратынын түбүнөн, башкача айтканда, 1 метрдей арыраакта эле Балыкчы – Жалал-Абад трассасы курулуп жатат. Бул курулуш башталгандан бери мектептин жерпайы дагы чөгүп, жаракалар чоңоюп кетти. ӨКМдин корутундусундагы капиталдык ремонтко да мүмкүн болбой калды.

– Учурда балдар үйүнө көчүп барган экенсиздер…

– Райондук билим берүү бөлүмү, мектеп жамааты окуучуларды окутуудан кооптонуп, жаныбыздагы №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн имаратына 315 окуучу б.а. 13 класс толугу менен көчүп барганбыз. Балдар үйүндө 56 толук жетим жана жарым жетим балдар тарбияланып жатат. Мындан сырткары, айылдын 140 окуучусун дагы кошуп окутушат. Балдар үйүнүн окуу корпусу 240 орунга ылайыкташтырылган. Биринчи нөөмөттө балдар үйүнүн окуучулары окуса, экинчи нөөмөттө биздин №39 Ш.Базарбаев атындагы мектептин окуучулары окуп жатабыз. Балдар үйү беш күндүккө өткөндөн бери, экинчи нөөмөт 14.00дө башталып, 19.00дө аяктап жатат. Кыш мезгилинде күн кыскарып, окуучулар сабактан чыкканча караңгы болуп калат. Айылда үйлөр алыс болгондуктан жолдо жүрүү окуучулар үчүн кооптуу болуп жатат.

«Балдар үйүнүн окуучулары менен мектеп окуучуларынын ортосунда чыр-чатактар чыгып кетпесин» деген кооптонуу менен жүрөбүз. Балдар үйүндө кабинеттер көп. Бирок бизге эсептелүү эле кабинеттер берилгендиктен, мугалимдер үчүн кабинет жетишпейт. Бир бөлмөнүн жарымына окуучулар шашкеде чай ичишсе, жарымына мугалимдер метод кабинет уюштуруп алганбыз. «Класстагы парта, стулдарды силердин окуучуларыңар сындырды», «полду техничкаларыңар таза эмес жууду» деген сыяктуу пикир келишпестиктер мугалимдер арасында да чыгып жатат. Класстан тышкаркы иштерди, конкурс кечелерди өткөрүүда кыйын болуп калды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: