Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда, бир күндүк жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды. Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Премьер-министр бир катар инфраструктуралык, социалдык жана айыл чарба объектилерин курулуш ишинин жүрүшү жана ишмердүүлүгү менен таанышты. Атап айтканда, Кочкор районунун Кочкор айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшү жана Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы жазгы-талаа иштеринн жүрүшү менен таанышып, Баш-кууганды айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы жана Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу суу бассейнинин курулушунун долбоору менен таанышты.
Ошондой эле Премьер-министр Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы орто мектептин жана Жумгал районунун Чаек айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшүн көрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ