Азыркы учурда бала бакчалар орус тилинде. Эмнеге кыргыз тилине которбойсуңар? Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов суроо салды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, азыркы учурда бул боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
“Азыркы учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Балдар үйдө кыргызча сүйлөйт, ошондуктан бул тилди унутпайт. Бала бакчага барып орус тилин үйрөнүп алсын деп жатышкан ата-энелер. Бирок тескерисинче ата-энелер бала бакчалар кыргыз тилинде болсун деп сурана баштады. Бул маселени тездетип, кеңири жүргүзүшүбүз керек”.
Зиядин Жамалдиновдун айтымында, Кыргызстанда жашап, мамлекеттик тилди билбей калгандын бирден бир көйгөйү бала бакчадан жана мектептен жаралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ