«Электрстанцияларынын» экс-гендиректору, Жалал-Абад мэри Салайдин Авазов ТЭЦ чуулганы боюнча УКМКга камакка алынганы баарыбызга маалым. Ал мурдагы кызматында тургандагы кьщыр иштери боюнча айыпталууда. Кызыгы, сурак берүүдө Авазов агынан жарылып, «386 миллион доллар боюнча дол-боорду Сапар Исаков менен Осмонбек Артыкбаев кыйнап кол койдурган» деп көрсөтмө бергенин өздүк булакгарыбыз кабарлашты. Жогорку Кеңештин отурумунда деле Исаковдун коррупцияга шектелип атканын көрүп атпайбызбы. Аныгында, 386 миллион доллар толук кандуу мамлекеттин кызыкчылыгы учүн жумшалбаганы, же ортодон Алмазбек Атамбаев, Аскарбек Шадиев, Осмонбек Артыкбаев, Сапар Исаков ж.б. чиновниктер пайдаланып кетишкенби? ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын канчалык деңгээлде адилеттүү турдө тыянак чыгарганы белгисиз. Ал эми тергөө органдарынын купуялуулугу бар, коомчулукка бул жаты да азырынча ачыкталбайт. Ток этери, Кудай жардам берип, ТЭЦти жарды, ортодон «чабактар» камалды, а «китгер» чекеси-нен кача башташты. Деги акыйкат жолунда элдин ырыскысын тоногондордун жүзү ачылабы?
Кубат Карачев
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ