Бүгүн, 3-ноябрда Ош облусуна иш сапар менен барган президенттин м.а. премьер-министр Садыр Жапаров парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өтөрүн билдирди.
“Партиялык система бизди сазга батырды. Мен бир мандаттуу шайлоону жактайм, бирок айрымдар партиялык системаны сактап калууну сунушташат. Парламент депутаттарын шайлоонун аралаш формасы боюнча сунуш бар. Мен өзүм Түп районунан мажоритардык система боюнча депутат болуп келдим. Кайсы гана региондун болбосун жашоочулары белгилүү бир талапкер тууралуу жакшы билишет деп эсептейм”, – деди Садыр Жапаров.
Ал стадиондо отурган жолугушуунун катышуучуларынан депутаттарды шайлоонун кандай системасын каалай тургандыгын сурады.
“Бул жерде 5 миңге жакын адам бар. Бир мандаттуу шайлоо үчүн 90 пайыз колдорун көтөрдү”, – деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, президенттин м.а. премьер-министр өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда. Учурда ал Жалал-Абад облусунда иш сапар менен жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ