ИИМ министринин орун-басарлары Курсан Асанов менен Сүйүн Өмүрзаковдун ортосуна от жагып, эки жигитти кайраштыра албай жаткан полковниктер кимдер ыя? Ага-ини болуп, ынтымакташып иштешип жаткан түштүктүн эки жигитин чабыштырууну ким көздөп жатат деген суроо ИИМдин ичин аралап жүрөт. Эгер бул эки жигиттин эси болсо, провокацияга, интригага алдырбай, душман көздөрүнө ынтымакташып иштешүүлөрү керек. Курсан Асанов ИИМде иштеп жатканына беш-алты жылдын жүзү болуп калды. Ошол аралыкта бир да журналистке, «бирөөнү каралап жаз» – деп заказ берген эмес. Балким өзүн пиар кылган макалаларды бергендир, бирок бирөөнүн бетине көө жаап кара пиар менен иштегенин көргөн жокпуз жана уккан жокпуз. Болбосо бирөөнүн артынан суу куюп, гезиттерге шыбатып жүргөн белгилүү эле кесиптештерин көрүп-билип эле жатпайбызбы. Сүйүн мырзада дагы андай кара ниеттик сапат жок экен. Демек, бул эки генерал өздөрүнө каршы интрига жасап жаткан кесиптештерин таап, жазасын бериши керек.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ