Menu

Жантөрө Сатыбалдиев басыз уруусун чогултуп, кыймылдап баштады

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, экс-спикер Алмамбет Матубраимов, экс-министр Марат Кайыповдор басыз уруусун «Дасмияга» чогултушуп, курултай өткөрүшкөнүн массалык маалымат булактары жазып чыгышты. Жыйынга 600дөй адам чогулган. Аты аталган саясатчылар көндүм адатка айланган “ынтымактуу, биримдиктүү бололу, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы” дешкен менен, президенттик шайлоодо кимди колдойбуз же өзүбүздөн бирөөнү алып чыгалыбы деген өңүттөгү маселени ортого ташташканы айтылууда. Мындан улам, бул жаңылыкты уккандар Жантөрө Сатыбалдиев президенттик аламанга аттанып, багын сынап көргүсү келип жаткан окшойт деп жоромолдоп жиберишти.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: