Menu

Бахадыр Сулейманов, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Сегизбаев менен Жолдубаева эртели-кеч жооп берет”

Бөлүшүү:

– Бахадыр Искакович, башкы прокурордун 2018-жылдагы ишмердигинин отчетун угуп, бир добуштан жактырдыңыздар. Отчет сизди канааттандырдыбы?

– Отчетту уктук. Көпчүлүк депутаттар Текебаевдин иши тууралуу суроолорун багытташты. Албетте, ал инсан кыргыз парламентинин каймагы. Буга чейин анын ишин башкы прокурор кайра кароого алган эмес. Ар кандай шылтоолорду айтышкан. 23-апрелде Жогорку сотто иши каралганы турат. Текебаев эч кандай күнөөсү жок камакта отурганы жаш баладан тартып, кемпир-чалга чейин белгилүү. Анын иши объективдүү, калыс каралышына көңүл буруусун айттык. Эгер калыс каралса, анда ал сөзсүз акталат.

Прокурордун отчету мени толук ынандырган жок. Мурунку башпрокурор Индира Жолдубаева отчет бербей кеткен. Жамшитов парламентке биринчи жолу отчет берип жатат. Жамшитов келгени эмне иштерди аткарганын сандар менен тизмектеди. Сандар бизди кубанткан жок. Прокуратура кылмыштуу иштерден натыйжалуу жыйынтык чыгарганы маанилүү.

– «Белизгейт» боюнча «жашыруун» деген гриф алына элек экен. Бул ишти прокуратура аягына чыгарабы?

– «Белизгейт» ойдон чыгарылган иш болгон. Бул боюнча башкы прокуратура дагы баа берген жок. Элдин алдында ушул сыяктуу күмөн жараткан кылмыш иштери суроо болуп турат. Ошондуктан, прокуратура кыла турган иштер көп.

– Жолдубаеваны, Сегизбаевди жоопко тартуу талабын коомчулук коюп жатат. Прокуратура аларды жоопко тартууга тийишпи?

– Башкы прокуратура сөзсүз түрдө алардын ишин карашы керек да. «Белизгейт» боюнча материалдар бар» деп Жолдубаева парламентке келип тыкылдап кетпеди беле? А кийин эч кандай материалдар жок экени билинди. «Белизге запрос жиберип, материалдарды алдык» дегени жалган, же Жолдубаева аларды катып алган. Болбосо, эмнеге азыркыга дейре табылбайт?! Сегизбаев болсо ага «жашыруун» деген гриф коюп салыптыр. Сегизбаев, Жолдубаева экөө бул иш үчүн жооп бериши абзел. Эртеби-кечпи алар жооп беришет. Алар кайда экени да белгисиз. Прокурордун отчетунда коом талап кылган иштер мыйзамдуу каралышы, камтылышы керек эле. Жолдубаева менен Сегизбаевди жоопко тартуу коомдун, элдин талабы болуп жатпайбы.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: