Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев кырсыктап, ооруканада жатат. Окуя 27-январдын кечинде болгон. “Тойота Лэнд Крузер” автоунаасы Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында 10 метр бийик жардан кулап, 38 жаштагы айдоочу каза тапкан. Машинада айдоочудан тышкары үч киши болгон. Алардын баары Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Каза тапкан жигит УКМКнын төрагасынын мурунку айдоочусу экени айтылды. Малабаевдин 3 кабыргасы сынып, мээси чайкалып, көкүрөк тушу жабыркагандыгын дарыгерлер билдирген. Кырсыкка кабылгандар тоого аңчылыкка чыкканы маалымдалды.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ