Menu

УИА окумуштуу айымдарды энелер күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Улуттук илимдер академиясы академиянын илимге эмгеги сиңген ардактуу аял окумуштууларын жана жалпы эмгек жамаатындагы айымдарды энелер күнү менен куттуктады. Бул туурасында Академиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ардактуу илимпоз айымдар – академиктер:  К.Р. Рыскулова, Р.Д. Дженчураева, Ш.Ж.Жоробекова, корреспондент-мүчөлөр: Р.А. Максумова, Ж.Т. Уметалиева жана Р.З. Кыдырбаеваны УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев куттуктоо менен бирге сыйлуу белектерди тапшырды.

 

“Ар бир эле адам “Эне” дегенде өзүнүн апасын эстеп, апасын качандыр бир капа кылган учурун, кантип тарбия алганын эскерет болушу керек. Ал эми бардык эле энелердин максаты балдарынын жакшылыгын көрүү го. Биздин эмгек жамааттагы айымдардын бардыгы өзүнүн, балдарынын, айрымдары неберелеринин дагы ийгиликтерине кубанып турган учуру. Биз силерди майрамыңар менен куттуктайбыз! Силер менен сыймыктанабыз! Кудайым дагы көп жылдар бою сыймыктанганга мүмкүнчүлүк берсин” – деди М.Жуматаев.

 

УИАнын академиги, Физико-техникалык, математикалык, тоо-кен – геологиялык бөлүмүнүн төрагасы Алтай Бөрүбаев энелер күнү менен куттуктап жатып мындай деди:

“Мен эне дегенде жазды, жаңыланууну элестетем. Эне бул – тукум улоочу, тарбиялоочу, үйдүн куту. “Бейиш – эненин таманынын алдында” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Академияда өзүнүн мектебин түзгөн, көп ийгиликтерге жетишкен коллегаларыбыз иштейт. Биз алар менен сыймыктанабыз жана майрамы менен куттуктайбыз!”

 

УИАнын корреспондент-мүчөсү Раиса Кыдырбаева куттуктоолорго ыраазычылыгын билдирди.

“Эске алып куттуктап жатканыңарга рахматымды айтам. Тандап алган проблемаларыбызды таштабай аягына чыгарып, оош-кыйыш күндөрдө ийиндеш  болуп бирге иштедик. Ошол күндөрдөн бери чогуу эмгектенип келген коллегаларыма чоң ыраазычылык билдирем”. – деди окумуштуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: