Menu

Боронов неге былк этпейт?

Бөлүшүү:

Бизде баары эле кыргызчылык болуп, «боло берет» дегенге өтүп кеттик. Адам өмүрү кыйылып жатса да бийлик башында тургандарыбыз баш болуп, төмөнкүлөр төш болуп, тил учунан араң алты сөз айтып көңүл жубатканы менен «боло берет да» дегенсип кол шилтеп, этегин кагып туруп кете бермейди адатка айлантып алды. ӨКМдин кетпес ханындай болгон Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдардан улам элдин башына каран түн түшүп жатса да былк этпей креслодо олтурат. Эгер ӨКМ өз кызматын так аткарган болсо, жаратылыш кырсыгынан жан бергендердин саны азыркыдан алда канча төмөн болмок да. Кырсыктардын алдын алуу боюнча ишке ким жооп берет? Жакындарын жоготкондор кимден сурак алат? Башка өлкөлөрдө мамчиновниктер сүйлөгөн сөзү үчүн кызматын таштап кетип жатканда, креслого кенедей жармашкан биздин аткаминерлер көрбөй, укпай жатабы? ӨКМ азыркы абалы менен эч кандай жарытылуу иш жасай албай турганын көрбөдүкпү. Андыктан Бороновду мойнунан байлап жетелебей, кызматтан эртерээк кууп түшүү керек да.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: