Өзгөн районунда 2017-жылдын 20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну А.Т. Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен Жазы дарыясына түшүп кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
Издөө иштерине КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 6 суучулдар тартылган, бирок табылган жок. Издөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ