Бүгүн, 22-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөнүн сүт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган ”Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча” (кредит 5918 -KG, грант D147-KG) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин маалыматына караганда, долбоордун максаты – тоют өндүрүү, ветеринардык кызматты өнүктүрүү аркылуу Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө жетишүүгө көмөктөшүү, ошондой эле фермерлер үчүн инвестициялык колдоо. Бул долбоор ишке ашырылса, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү 15 пайызга же ар уйдан 2047 литрден 2400 литрге чейин жогорулоосу күтүлөт.
Бул багытта Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын 5 млн доллар бөлөт, анын ичинде 2 млн 250 миӊ доллар гранттык каражат, ал эми 2 млн 750 миӊ доллар насыялык каражат болуп саналат.
Жеӊилдетилген насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Сүт өндүрүүдөн тышкары, долбоордун алкагында 220 миӊ баш малды иденфикациялоо жумуштары жасалып, кошумча 3 ветеринардык пост орнотулмакчы.
Талкууда комитет мүчөлөрү насыялык каражатты төлөө жагдайлары боюнча бир катар суроолорго жооп алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ