Menu

Ош облусунун казысынын катышуусунда Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн каза болгондорго багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-май күнү Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчкүдөн каза болгон мекендештерибиздин жакындарынан кабар алып, жалпы элдин ал акыбалы менен жеринде таанышты. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдайт.

Аталган иш-чарага Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана жалпы жергиликтүү тургундар катышышты.  Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев жер көчкүдөн каза болгон маркумдардын рухуна багыштап Куран окуду жана алардын жакындарын сабырдуулукка чакырып, кел жаткан Рамазан айында көптөгөн ибаадаттарды жасап, Алладан дуба кылууга үндөдү. Ошондой эле жалпы элди биримдикке, ынтымаккка чакырып жана жергебизге тынчтык каалап, Куран аяттарынын негизинде баян жасап берди. Андан соң жалпы айыл элинин катышуусунда өткөндөрдүн рухуна багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 29-апрель күнү таңга жуук Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 кишини басып калган болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: