Menu

Түркмөнстанда запастагы офицерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда запастагы офицерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы өлкөнүн аскер мекемесиндеги өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, ноябрдан бери запастагы офицерлер аскер комиссариаттарына чакырылып, аларга катталган жерлеринде болуу талабы коюлууда. Мындан тышкары комиссариаттарга 50 жашка чейинки бардык эркектердин аскердик аракеттерге даяр-даяр эмес экендигин текшерүү тапшырмасы берилген.

Басылма белгилегендей, учурда Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен дээрлик бардык аймактары куралдуу согушкерлердин көзөмөлүндө болгондуктан, өлкө жетекчилиги чек арада жаңжал чыгып кетүү ыктымалдыгынан кооптонууда. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 800 чакырымды түзөт.

Өткөн жумада «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы дагы өлкөдө запастагы офицерлер текшерүүгө алынып жатканын жазган.  «8-январдан тарта мамлекеттик мекемелерде иштеген бардык эркектер кадрлар бөлүмүнө аскердик билеттерин тапшырууга милдеттендирилди», — деп жазган басылма.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: