Menu

УЕФАнын мурдагы презденти Мишель Платини сурактан кийин бошотулду

Бөлүшүү:

Европа футбол ассоциациялар бирлигинин (УЕФА) мурдагы президенти Мишель Платиниге эч кандай айып тагылбастан, камактан бошотулду. Бул тууралуу AFP маалымат агенттиги кабарлады.

Адвокат Уильям Бурдон Платиниге эч кандай айып коюлбаганын билдирип, «бул окуя жөнү жок жерден эле ызы-чуу менен коштолуп кетти» деп билдирди.

Платини 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө турган мамлекетти тандоододогу ыктымал коррупциялык иштерге байланыштуу 18-июнда Парижде кармалган. Бул иш боюнча Франциянын мурдагы ички иштер министри Клод Геан дагы сурак берип чыккан.

2010-жылдын соңунда ФИФАнын аткаруу комитети өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгында чемпионатты өткөрүү укугун Катар алган. Ошондо эле 2018-жылкы мундиаль Орусияда өтөрү маалым болгон.

Бул чечимдерден кийин бир катар маалымат каражаттары чечим паракорчулуктун негизинде кабыл алынышы мүмкүн деп шек санашып, бул боюнча өз иликтөөлөрүн жарыялай башташкан.

Платини – өткөн кылымдын 70-80-жылдары ойногон белгилүү футболчу. Кезинде «Нанси» жана туриндик «Ювентус» клубдарында ойноп, тарыхта «Алтын топ» сыйлыгын үч жыл катары менен алган жалгыз спорчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: