Бүгүн, 12-октябрда, Бишкекте белгилүү журналист, коомдук ишмер Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өтүүдө. Мелдеш Футбол федерациясынын оюн талаасында саат 08:30дө башталган.
Жогорку Кеңештин аппаратынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аппаратынын жана журналисттердин командалары күч сынашууда
Баса, бүгүнкү мелдешти өткөрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоо көрсөтүүдө.
Эскерте кетсек, Султан Жумагулов Маданият, маалымат жана туризм министри болуп турганда, 2018-жылы, 8-октябрда узакка созулган оорудан каза болгон. Ал «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо», «Асаба» гезиттеринде, ВВС, «Азаттык», ЭлТР, КТРК телеканалдарында эмгектенген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ