Ашхабадда күн сайын ондогон кишилер дүкөндөр ачыла электе келип, күрүч жана шекер үчүн кезекке турушууда.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бир кишиге күрүч 3 килограмм, шекер 1 килограммдан ашык сатылган жок.
Мамлекеттик дүкөндөрдө азык-түлүктүн айрым түрлөрү жеке соода жайларына жана базарларга караганда кыйла арзан. Шекердин бир килограммы 8 манат, күрүчтүн бир килограммы 7 манат (2 доллардын тегереги) турат. Базарда күрүч – 20 манат, шекер – 12 манат.
Түркмөнстанда 2017-жылдын соңунан бери ун, нан, суу май жана жумуртка тартыш болууда. Баалар дагы ырааттуу түрдө өсүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ