Menu

Академик Биймырза Токторалиев “Бир кур – бир жол” концепциясынын алкагындагы эл аралык форумга катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Биймырза Токторалиев 25-30-июнга чейин Пекин шаарында өтө турган эл аралык форумга катышат. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Агротехникалык кызматташууга багытталган иш-чаранын максаты айыл чарбасын, экология маселелерин изилдөө, алардын жыйынтыктарын практикада колдонуу жана өлкөлөр аралык кызматташуу болуп  эсептелинет.

Илимпоз Биймырза Токторалиев Форумда илимий докладын окуйт. Анын айтымында бул кадамдар Кыргызстан үчүн абдан жемиштүү  болууга тийиш.

“Биринчиден мындай эл аралык форумга катышуунун өзү сыймык. Экинчи тарабы окумуштуулар менен байланышып, алака түзүүгө жол ачылат. Андан сырткары инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Кытайдын  жогорку деңгээлде өнүгүп жаткан техникалары, технологиясы жана технопарктары  менен таанышып, алардын үлгү алсак болот” – дейт окумуштуу.

Форумду Шаньдун Провинциясындагы Айыл чарба академиясы, Синцзян-уйгур автономиялык районунун Айыл чарба академиясы уюштуруп, ага Борбордук Азиянын 5 өлкөсү – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан чакырылган. Ал эми Кыргызстан тараптан УИАнын окумуштуусунан сырткары 2 өкүл – Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдиманнап Муратов жана Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдердин чакырылганы белгилүү болду.

Буга чейин УИА Кытай өлкөсү менен биргеликте 2007-жылдан 2015-жылга чейин эсептелинген  “Айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы экологиялык изилдөөлөрдүн технологиясы жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын климаттын глобалдык өзгөрүүлөрдүн контекстинде башкаруу” аталышындагы долбоорун ишке ашырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: