Токтогул районунда 2017-жылдын 23-майда саат 22:20 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 307-чакырымында “ВОЛЬВО” үлгүсүндөгү мамлекеттик № Д70-70С оор жүк ташуучу унаа менен Күйүүчү май тарткан (Бензовоз мамлекеттик № 350 ДВ) унаалары кагышып, натыйжада күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып оодарылып күйүп кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
Айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон (аты жөнү такталууда). Ал эми “ВОЛЬВО” унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын ооруканасына жаткырылган. (аты жөнү жана жашаган жерлери такталууда).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ