Menu

Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы стадионго маркум милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин ысымы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Бүгүн кайрадан оңдолгон стадиондун ачылышына жана эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул туурасында Жалал-Абад ИИбнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Стадионду оңдоого маркум милиционердин классташтары быйылкы 10 жылдык жолугушууда 250 миң каражат чогултушкан. Мындан сырткары баш байгесине жеңил унаа коюлуп спорттук оюндар уюштурулду.

Милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдубалиев Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында тескөөчү болуп иштеп жүрүп түрмөдөн качкан кылмышкерлерди издөө маалында 2015-жылдын 19-ноябрында алардын огунан каза тапкан.

Быйыл 2017-жылы милициянын кенже лейтенанты А. Абдувалиевдин мектепти бүтүргөндүгүнүн 10 жылдыгына  байланыштуу Кашка-Суу айылындагы стадионго милициянын кенже лейтенанты А.Абдувалиевдин  ысымы ыйгарылып,к лассташтары тарабынан  130000 миң сом акча чогултуп, ата-энеси тарабынан 100000 миң сом акча берилип, стадионду оңдоп түзөтүү иштери жүргүзүлүп, дарбаза жана 10 даана олтургуч (скамейка) орнотулду.
А.Абдувалиевдин классташтары тарабынан мектепти бүтүрүшкөндүгүнүн 10 жылдыгына  карата уюштурулууда жана ачылышы 2017-жылы 24-майында белгиленди.

Ачылуу аземине Абдувалиев Актилектин бир тууган карындашы Бишкек шаарынын 1-Май РИИБдө эсеп-каттоо жана стат.иштери боюнча тескөөчүсү болуп эмгектенген милициянын кенже лейтенанты Абдувалиева Айзирек,
Мындан сырткары райондун аймагындагы тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери келип катышышты
Спорт оюндардан волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлөт. Мелдешке Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан айылдардагы оюнчулар чакырылган.

Волейбол оюнуна: 1-орунга  ГОЛЬФ-2 үлгүсүндөгү автомашина, 2-орунга 15000 мин сом, 3-орунга 7000 сом акча.
Стол теннисине: 1-орунга 3000 сом,2-орунга 2000 сом, 3-орунга 1000 сом акча байге каралган.

Абдувалиев Актилек Асанович жөнүндө маалымат:
Абувалиев Актилек Асанович 1989-жылы 3-июльда Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган.
1996-жылы Кашка-Суу айылындагы № 26 У.Турдубаев атындагы орто мектептин 1-классына окууга кирип, аталган мектепти 2007-жылы ийгиликтүү аяктаган.Ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин физика факультетине тапшырып,аталган окуу жайды 2012-жылы аяктаган.
Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 2012-жылы КР ИИМнин Ж.Шабиров атындагы милициянын атайын орто мектебинин Ош шаарындагы филиалынын даярдоо курсуна окууга кирген.
Алгачкы даярдоо курсун аяктап,2013-жылы Ош ОИИБнын кайгуул күзөт кызматынын батальонунун кызматкери болуп кызматка кирген.
2015-жылы  Бишкек ШИИББнүн Октябрь РИИБнө, Бишкек шаарынын 8-кичи районуна милициянын аймактык тескөөчүсү болуп которулган.
2015-жылдын 19-ноябрь күнү кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан каза болгон.
Кыргыз Республикасынын ИИМги тарабынан милициянын кенже лейтенанты А.Абдувалиев кызмат учурунда каза болгондон кийин 2 300 000 сом компенсация төлөнүп берилген.
2016-жылдын 31-октябрьнда КР Президенти А.Атамбаев тарабынан  милициянын кенже лейтенанты А.Абдувалиевдин ата-энесине Бишкек шаарынын К.Акиев жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн бир бөлмөлүү батир берилген.
Ошондой эле Президенттик фондтон 100 000 миң сом, Бишкек ШИИББнан 190 000 миң, Октябрь РИИБсү тарабынан 90 000 миң сом акчалай жардам берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: