Menu

Чыныбай Турсунбеков тармактык комитетке Ананьево айылындагы адам өмүрүн алган газ куюучу бекеттеги жарылууну көзөмөлдөөнү тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы үч адамдын өмүрүн алган газ куюучу жайдагы жарылууга байланыштуу алардын жакындарына көӊүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, кырсыктын себептерин тез арада иликтеп чыгуу менен, кырсыктын кесепеттерин жоюу багыттында да ыкчам аракеттерди көрүү зарылдыгын билдирген Төрага тиешелүү мекемелерди адам өмүрүн алган мындай кырсыктардын кайталанбашы үчүн баардык газ куюучу бекеттердеги техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышынын дыкат абалын текшерип чыгууга чакырды. Андан тышкары, Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине Ананьеводогу окуяны көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Эске салсак, ушул жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу жайдагы жарылуудан үч адам каза таап, жети адам оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: