Menu

Кыргыз элчиси Асеин Исаев Индия Президенти Рам Натх Ковиндге Ишеним грамоталарын тапшырды

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Асеин Исаев Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковиндге Ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралу КР ТИМинин басма с кызматы билдирет.

Аземдин учурунда Рам Натх Ковинд мамилелер тарыхый жана цивилизациялык байланыштардын негизинде туруктуу өнүгүп жаткандыгын жана бирдиктүү демократиялык баалуулуктар менен бекемделгендигин  белгиледи.

Индиянын  Президенти Кыргызстан менен Индиянын мамилелерин оң баалады. Индия Кыргыз Республикасы менен мамилелерди өнүктүрүүгө олуттуу маани берээрин жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө жана саясий өз ара ишенимди тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде, А.Исаев Кыргызстандын Президенти С.Ш. Жээнбековдун атынан куттуктоо жолдоп, кыргыз тарап стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде Индия менен достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди.

Элчи А.Исаев демократиялык баалуулуктар Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук үчүн бекем негиз болуп саналарын белгиледи.

А.Исаев Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы тыгыз мамилелерди өнүктүрүү үчүн биз маалыматтык технологиялар, гидроэнергетика, билим берүү жана айыл чарба жааттарында ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигибизди билдирди.

Аземдин аягында Индиянын Президенти Индиянын саясий жетекчилиги Кыргызстандын Элчисинин ишине колдоо көрсөтөт деп ишендирди жана анын ишмердиги эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошот деген ниетин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: