Menu

Соӊ-Көлдө 2021-жылга чейин балык кармоого тыюу салынган, бирок көл түбүндө мурда калган торлор жатат

Бөлүшүү:

Соӊ-Көлдө санитардык абал начар. Эски торлорго илинип калган балыктар чиригендиктен, суу булганууда. Анда жайлаган малчылар менен туристтерди тоскон адамдар, малдын баары ошол суудан пайдаланат. Ошондон улам, алардын акыбалын ойлошубуз керек. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматов Жогорку Кеӊеш жыйынында айтты. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

«Соӊ-Көлдө 2021-жылга чейин балык кармоого тыюу салынган, бирок көл түбүндө мурда калган торлор жатат. Анын айынан көптөгөн көйгөйлөр жаралууда. Биз Кыргызстанда, анын ичинде Соӊ-Көлдө экотуризмди өнүктүрүү аракетин жасап жатабыз. Ошондуктан, тиешелүү мамлекеттик органдар атайын чараларды көрүп, экологияны жакшыртууга шарт түзүшү керек», – дейт депутат.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматы боюнча Соӊ-Көлдүн суусун тазалоо үчүн 400 млн сом бөлүнө турганын белгилеген эл өкүлү ал каражаттын өз багытында колдонулушун катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: