Menu

Ботаникалык бак Эл аралык био ар түрдүүлүк күнүн белгилөөгө чакырат

Бөлүшүү:

Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак 27-майда саат 11:00дө Эл аралык био ар түрдүүлүк күнүнө карата иш-чара уюштурат. Белгилүү датанын быйылкы жылдагы темасы био ар түрдүүлүк  жана туруктуу туризм болуп, иш-чарада экосистема жана ландшафттын ар түрдүүлүгү туризмдин өнүгүшүнө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө таасир эте тургандыгы катышуучуларга түшүндүрүлөт.

Уюштуруучулардын пикири боюнча туризм – жергиликтүү био ар түрдүүлүккө эки тараптуу (жаман-жакшы) таасир этиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстандын жана дүйнөнүн  ар кыл түрлөргө бай флорасы менен таанышуунун эң оңой жолу Ботаникалык бак болуп эсептелинет деп айтылат.

Иш-чаранын программасына төмөндөгүлөр камтылат:

– Экологиялык-туристтик жол менен экскурсияга чыгуу: экскурсоводдун коштоосунда жалгыз аяк жол менен жүрүп флоранын жана фаунанын кызыгын көрүүгө болот;

– “Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын флорасы” аталышындагы көргөзмөдө: гүлдүү, дарылык касиети бар, жыпар жыттуу, эфир-май бөлүп алынчу өсүмдүктөр коюлат;

– Дүйнөнүн ар бурчунан алынып келинген декоративдик өсүмдүктөрдүн көргөзмө-ярмаркасы болот;

– Балдарга арналган программалар: балдар менен биргеликте чоңдор дагы  жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү кызыктуу фактылар тууралуу маалымат ала алышат;

Иш-чара УИАнын Е.З. Гареев атындагы Ботаникалык багы, “Ырыстан” жана “Инициатива Арча” коомдук фонддору тарабынан  уюштурулган иш-чара  Ахунбаев 1 А (Шабдан Баатыр көчөсү менен кесилишет) дарегинде өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: