Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык дем алыш күндөрүнүн аба ырайы
Бишкек шаарында 20-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 20-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болушу күтүлөт.
20-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
21-февралы күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана республиканын тоолуу аймактарында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
22-февралы күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
23-24-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ