Коомчулукта көптөн бери Икрам Илмияновдун бир кезде айдоочу болуп иштегени кеп болуп келет. Бирок аны жакындан билгендер Алмазбек Атамбаевге Убактылуу Өкмөт учурунда ар дайым пайдалуу кеңештерди бергенин, ал ажого пайдасын бергенин, Атамбаев президенттик жарышка ат салышканда бүт уюштуруу иштерин Илмиянов жүргүзүп, чоң салым кошконун көпчүлүк биле бербесе керек. Эми ошол бай тажрыйба эске алынганбы эми бир кездеги айдоочу КСДПдан эмки президенттик шайлоого аттанган Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектей турганы боюнча маалымат тарады. Чындыгында айдоочу болобу, башка болобу маселени чечип, жеңишке жетсе болгону. Эгер мыкты уюштуруучу болсо айдоочу эмес, бир кезде уйчуман болсо да неге иштетүүгө болбосун? Эске салсак кыргыз бийлигинин тарыхында деле шахтер, койчу, наабайчы болуп иштеп, эл башкаргандар болгон.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ