Menu

Кыргыз этнологиясын изилдеген китеп чыкты

Бөлүшүү:

Аталган басылма Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун көрүнүктүү тарыхчылары жана Россия академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы этнология жана антропология институту тарабынан, 1992-жылы түзүлгөн “Народы и культуры” сериясынын алкагында жарык көрдү.  Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Эносоциалдык жана этномаданий процесстер традициялык көрүнүш аркылуу масштабдуу изилдөөгө алынган китеп – эгемендүү Кыргызстандын этнологиялык илиминде алгачкы жолу чыгып отурат.

Китеп этникалык тарыхты, чарбалык түзүлүштү жана материалдык маданиятты, социалдык жана үй бүлөлүк мамилелерди, руханий маданиятты жана диний түшүнүктөрдү камтыган 5 бөлүктөн турат. Андан сырткары басылмага кыргыз элинин XX-XXI кылымдардагы этномаданий жана социалдык-саясий өнүгүүсү туурасындагы материалдар кирген.

Басылмага кыргыз илимине бараандуу эмгек сиңирген А.Асанкановдун, А.Акматалиевдин, Б.Беделбаевдин, Т.Кененсариевдин, А.Көчкүновдун, А.Мокеевдин, Р.Кыдырбаеванын ж.б. макалалары киргизилген.

Кыргыз этнологиясы боюнча ар тараптуу элдик маданиятты жана байыркы доорлордон бери карай узак убакыттагы этникалык өнүгүүнү өзүнө камтыган эмгек этнология, тарых, культурология тармагы жана кыргыз жана Кыргызстан тарыхына кызыккан окурмандардын кеңири катмары үчүн көптөн бери күттүргөн белек болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: