Menu

Атамбаевдик бийликтин оппозиционери Равшан Жээнбековдун мүлкү өрттөлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-мартка караган түнү Атамбаевдик бийликке оппозиция болуп келаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Асыл-Таш” пансионатындагы коттеджи өрттөлдү.

Акыркы 5 жылда, Атамбаевдик бийликтин учурунда Равшан Жээнбековдун “Асыл-Таш” пансионатына бир нече жолу рейдердик басып алуу аракеттери болгон. Райондук акимдин тукуруусу менен айрым жергиликтүү жарандар пансионаттын территориясына мыйзамсыз басып кирип, тосмолорун талкалап, пляжга соода палаткаларын орнотуп алышкан. Пансионаттын жетекчилеринин милицияга жазган арыздары кароосуз калган.

Бүгүн түндө болгон өрт атайын уюштурулганы талашсыз факт. Анткени пансионатта былтыр сезон аяктагандан бери электр энергиясы өчүрүлгөн. Болгону кароолчулар олтурган күркөдө гана свет бар.

Саясатчы Равшан Жээнбеков мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев ага “майлуу” кызматтарды бергенине карабай, алардын кемчиликтерин бетке айтып, оппозициячыл саясат жүргүзсө да алар бийлигине таянып, мындай пастыкка барышкан эмес.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: