Кыргызстан Максим Бакиевге соттон утулуп калган карызын төлөп берүүгө чамасы жетпейт. Бул туурасында анын кызыкчылыгын жактаган адвокаттар 24.kg маалымат агенттигине билдирген.
Эске салсак, Англиянын Жогорку соту кыргыз бийлигин 2010-жылы бийликтен түшкөн президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевди “26 милион доллар уурдады” деп так эмес айыптоо такканы үчүн соттоп, Максим Бакиевдин зыянын төлөп берүүгө милдеттендирген чечим кабыл алган.
Бирок Кыргызстандын Өкмөтү мындай акчаны төлөп берүүдөн баш тартууда. Ал эми Максим Бакиевдин юристтери ал сумманы сот аркылуу өндүрүп алуу үчүн келерки доону даярдашууда.
Эскерте кетсек, сентябрда “Хикман энд Роуз” юридикалык компаниясына шилтеме жасалып, ММКда Кыргызстан Максим Бакиевге 20 млн фунт стерлигге доо койду деген маалымат таркаган. Компаниянын түшүндүрмөсүндө Бакиевдин баласына алдамчылык боюнча жарандык доо коюлган, ал эки мамлекеттик фонддун акчасын уурдады делип айыпталган.
КР Өкмөтү мамлекеттик органдардын Максим Бакиевге карата кылган доону бул сот иштеринде анын жеңиши кылып көрсөткөн кандайдыр бир жыйынтыктар чындыкка дал келбейт деп түшүндүрмө берди.
Булак: “24.kg“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ