Menu

Жалал-Абадда балдардын майрамы өзгөчө белгиленет

Бөлүшүү:

Биринчи июнь күнү белгиленүүчү балдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын мэриясы 31-май жана 1-июнь күндөрү өзгөчө программадагы майрамдык иш-чараларды уюштурат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мэриянын социалдык өнугүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, май айынын акыркы күнү шаардагы 500 бала эс алуу бактарындагы аттракциондордо акысыз ойной алышат. Тагыраак айтканда, ар бир бала 5 атракциондо акысыз ойноого мумкүнчүлүк алат. Мындай мүмкүнчүлүккө тоголок жана жарым жетим балдар, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ээ болот. Мындан сырткары, шаардагы 1000 балага акысыз балмуздак жана шириндиктер  таратылат. Балдар үйүнө, диспансерлерге, реаблитациялык борборлорго, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган билим берүү уюмдарына жардамдар берилет. Бул багытта жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 миң сомго чейин акча каражаты каралган. Менчигине карабай шаардагы мекеме-ишканалар балдар мекемелерин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү шефке алышкан. Жалпысынан 18 жашка чейинки 416 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бюджеттин  эсебинен 500 сомдон  материалдык жардам көрсөтүлөт.

Ал эми 1-июнь күнү  борбордук аянтта шаардын балдары үчүн спорттук жана интеллектуалдык оюндар, сүрөт тартуу сынактары уюштурулуп, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле тарбиялык мааниси терең кызыктуу жомок коюлат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: